15:30, 09 декабря 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан — кыздар жана эркек балдар стереотипсиз, укуктары чектелбестен эркин тарбияланган, ал эми аялдар менен мырзалар тең укуктуу болуп, эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандаштыкка чыгып, өз мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтө алган өлкө. Бирок, тилекке каршы, бүгүн эмес. Мындай дымактуу максаттар 2030-жылга карата гендердик теңдик жаатында коюулууда. Биздин шартта ушул мөөнөттүн ичинде ал максаттарга жетүү мүмкүнбү?
2022-жылдын сентябрь айынын орто ченинде министрлер кабинетинин токтому менен 2030-жылга чейин Гендердик теңдикке жетүү боюнча улуттук стратегия жана ага карата биринчи үч жылга чейинки Улуттук иш-аракеттер планы (УИП) бекитилген. Стратегия мамлекеттик гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт. УИП өзүнө көптөгөн иш-чараларды камтып, аларды ишке ашырууга дээрлик баардык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусун чагылдырат.
Көпчүлүк гендердик теңдик жөнүндө угуп келген. Бирок баары эле аны туура түшүнө бербейт.
Гендердик теңчилик — аялдардын жана эркектердин бирдей укуктук статусу жана аны жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, ал адамдарга жынысына карабастан жашоо-турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши. Мындай аныктама «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында берилген .
Эмне үчүн аялдар жана кыздарга өзгөчө басым жасалып келет? «Себеби алар баардык тармактарда артта калуучу жыныс катары эсептелинет. Демек, аларга өз мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ишке ашырууга тоскоол кылган объективдүү себептер бар. Бирок, ошол эле билим берүү тармагында кыз-келиндердин жетишкендиктери абдан жакшы. Алардын арасында мыкты окугандар, кызыл диплом менен окууну аяктагандар арбын, бирок мамкелекттик кызматкер жана жетекчилик кызматта алардын саны өтө эле аз», — деп түшүндүрөт стратегиянын авторлорунун бири Зульфия Көчөрбаева.
Анын айтымында, коомчулук менен мамлекеттин максаты, эмне үчүн ушундай жагдай болуп жатканын аныктап, жашыруун тоскоолдуктарды таап чыгуу болуп эсептелет.
Мында коомчулукта калыптанып калган стереотиптер жана терс көз караштар чоң рол ойнойт, алардын айынан кыздар жана эркек балдарга үй-бүлөдө ар башка келечек пландары коюлат. Эгер эркек балдардын демилгесин үй-бүлөсу колдоого алса, кыз-келиндердин келечеги үй-бүлө, кесип, үрп-адаттар жана башка себебтерден улам чектөөгө алынат.
«Кыйыр басмырлоо бар, мындайча айтканда, аялдар менен кыз-келиндер аша албаган ‘айнектен’ жасалган дубалдар тоскоол болот, — дейт Зульфия Көчөрбаева. — Ошондуктан стратегиянын маанилүү максаттарынын бири — функционалдуу билим берүү жана маданият саясаты боюнча — мына ошол стереотиптер менен күрөшүү. Аялдар менен кыз-келиндер өз мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ишке ашырууга шарт түзсөк, баарыбыз жеңебиз деген ойду коомчулукка жеткизүү керек».
Аялдар өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен ишке ашыра албай жатканын статистика көрсөтүүдө. Жумушсуздардын арасында алядар басымдуулук кылат, алардын орточо эмгек акысы жана пенсиясы азыраак. Чоң бизнеске катышкан айымдардын саны саналуу, күрөөгө калтыра турган мүлкү болбогондуктан, алардын ири насыя алуу мүмкүнчүлүгу да чектелүү.
Аялдардын мансап тепкичине көтөрүүлү жана билим алуусуна үй оокаты менен алектенүүсү да таасир этет. Эркектерге караганда, аялдар үй-бүлөсүнө карап, кызматтан кетүү учурлары көп кездешет. Эрте турмушка чыгуу же зордоп күйөөгө берүү фактылары өлкөдө дагы деле кездешип келет. Мунун баары зордоо жана басмырлоо маданияты деп табылган. Мамлекет ушул жаатта чоң иш алып барышы зарыл.
УИПте салтка айланган эркек менен аялдардын милдеттерин бөлүштүрүүнүн ордуна тилектештик жана бири бирине колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле кыз жана эркек балдарды тең кылып тарбиялоону илгерилетүү каралган.
Ал эми аялдардын кайрылууларын эске алып, балдарды тарбиялоодо, деги эле үй-бүлөлүк мамилелерде эркектердин жоопкерчилиги төмөн экенин Кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Түлекова баса белгилеп кетти. Жоопкерчиликтин баары адатта аялдын мойнуна илинет. Бул көйгөйдүн өзөгү баланын үй-бүлөдө алган тарбиясында жатат, ошондуктан агартуу иштерин өз убагында жана баардык жерде алып баруу өтө маанилүү.
«Жаңы үй-бүлөлүк мамилелерди киргизүүгө убакыт келди. Бул мезгилдин талабы», — дейт Толкун Түлекова. Бул пикир менен Зульфия Көчөрбаева да макул: «Мырзалар, эркек балдар, бозуландар үй-бүлөлүк милдеттерге канчалык көп тартылса, алар үчүн да, келечекте үй-бүлө үчүн да абдан жакшы болот».
Стратегияда гендердик зомбулукка чоң көңүл бөлүнгөн. Мындай кылмыштар ачыка чыкпай, көмүскөдө калуусу менен мүнөздөлөт. Стратегия зордук зомбулук окуялары боюнча расмий маалыматтын азайтылып көрсөтүлгөнүн мойнуна алат. Үй-бүлөлүк зомбулук барган сайын криминалдаштырылып, анын жабыр тарткандардын жашоосуна жана ден соолугуна тийгизген кесепеттеринин оордугу өсүүдө. Жабыр тарткандардын басымдуу көпчүлүгү зомбулук фактысы боюнча укук коргоо же башка органдарга кайрылбайт.
Бул жабыр тарткандардын укук коргоо системасына ишенбестиги, укук коргоо жана сот органдарынын компетенттүү эместиги, ал органдардын гендердик зомулукту олуттуу кылмыш катары кабыл алуудан баш тартуусу, коомчулуктун жабыр тарткандарга болгон терс мамилеси сыяктуу себептерге байланыштуу. Анын үстүнө, кайрылган күндө да, күнөөлүү жазага тартылаарына кепилдик берилбейт.
Гендердик кылмыштарды алдын алуу үчүн иш-аракеттер планында иш-чаралардын кеңири тизмеси каралган. Анын ичинде 117 тынымсыз түйүнүн (учурда иштебейт) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча кризистик борборлорун колдоп, мамлекеттик кризистик борборлорун ачып, үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар үчүн түзөтүү (коррекциондук) программаларын иштеп чыгуу каралган.
Стратегиянын дагы бир негизги багыттарынын бири чечим кабыл алууда гендердик паритетти илгерилетип, аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү.
Кызматка алууда жынысына карабастан, жарандарга тең мамиле жасоо принциби мыйзам менен бекитилгенине карбастан, мамлекеттик органдарда көбүнчө эркектер иштегени байкалат.
Мисалы, 2021-жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн 4,7 пайызын гана аялдар түзгөн. Кыргызстан президентинин жети ыйгарым өкүлү, ошондой эле шаар мэрлери — эркектер.
«Биз саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары жөнүндө жобону иштеп чыгуу үчүн иш тобун түзүү боюнча министрлер кабинетинин буйрук долбоорун иштеп чыгып, анда аялдар үчүн квота каралсын деп белгиледик. «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республаксынын мыйзамында 30 пайыздык квота каралган. Ушунун жардамы менен парламент курамындагы аялдардын санын 21 пайызга чейин жогорулады. Жергиликтүү шайлоо мыйзамдарына да өзгөртүүлөр киргизилди. Ал жерде да 30 пайыздак квота каралган. Былтыркы жыйынтыктарыбыз абдан жакшы болду. Эгер мурда жергиликтүү кеңештерде аялдардын саны 12 пайызга араң жетсе, өткөн жылы ал 38 пайызга чейин өстү. Аялдар башка мамлекеттик органдарда жана кызматтарда да болуусун каалайбыз», — деп Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча координация бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева белгилеп кетти.
Мындай документти кабыл алып, алдыга максат коюу иштин үзгүлтүксүз, такай жүргүзүлүп, улантылып кетүүсү үчүн өтө маанилүү экенин адистер мойнуна алат. Албетте, гендердик теңчилик боюнча жаңы стратегия кабыл алганы үчүн гана 2030-жылга чейин алдыга коюлган максаттардын баарына жетебиз деп күтүү кыйынга турат. Ошентсе да, узак мөөнөттүү пландар өкмөткө да, жергиликтүү бийлик органдарына да, жарандык коомчулукка да биргелешип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Улуттук иш-аракеттер планын 2022-2024-жыдарга карата ишке ашыруунун жалпы каржылоосу 1 миллиард 805 миллион сомду түзөт.
Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кошумча салымы да бар. Анын катарында өнугүү боюнча өнөктөш уюмдардын жардамына чоң үмүт артылган. Айрым иш-чаралардын али да болсо белгилүү бир каржылоо булагы жок.
Каражатсыз жана жарандык коомдун жардамысыз ойдогуну ишке ашыруу өтө кыйын болот деп эсептейт Толкун Түлекова.
«Көп нерсе мамлекеттик органдардан, алар өз ишин кандай бирдикте алып бараарына, ал эми ыйгарымдуу орган болгон Эмгек министрлиги пландын ишке ашырылышын кандай көзөмөлдөй турганынан көз каранды болот. Эки жылдай убакыт калды. Мониторинг жасоо өтө маанилүү. Кайсы бир иш-чаралар биринчи планда аткарылбай калса, аны кийинки планга киргизүү керек. Бул жерде Жогорку Кеңеш депутаттарынын көзөмөлү аябай маанилүү. Мамлекет алган гранттар, мисалы ишкерликке алынган каражаттарда сөзсүз түрдө аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү компоненти камтылышы зарыл. Мындай, адамга багытталган ыкма, такыр башкача болот», — дейт ал.
2023-жылдын январь айында Эмгек министрлиги 2022-жылдын төрт айында гендердик теңдикке жетүүнүн иш-аракет планын ишке ашыруу боюнча биринчи баяндамасын даярдап берет.
Бул макала USAIDдин «Жигердуу жарандар» долбоорунун колдоосу менен «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм» кампаниясынын алкагында даярдалды. Макалада чагылдырылган пикирлер сөзсүз түрдө FHI 360, USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.