Бишкекке Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев келди

12:14, 09 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунда Токаевди министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаров тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында Кыргызстан төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.