Чек арага чектеш айылдардын тизмеси кеңейтилди

12:16, 08 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Чек арага чектеш айылдардын тизмесин 105ке кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, тизмеге Ош жана Баткен облусундагы айылдар кошулду.

Белгилей кетсек, буга чейин «Баткен облусунун макамы» мыйзамынын алкагында облустагы 62 айылга салыктык жеңилдиктер жана социалдык колдоо каралган.