Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны өсүүдө

11:48, 08 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин департаменти билдирди.

Алардын маалыматында, менингококки инфекциясы кайталанып 13-15 аралыгында пайда болуп турат. 2022-жылдын башынан бери инфекция күч алып баштады.

Инфекция аба аркылуу, ооруган адам менен өтө жакын аралыкта туруп сүйлөшкөндө жугат. Дарыгерлер менингококки заматта өөрчүп, адамдын ден-соолугуна оор залака тийгизерин белгилешет.

Аны жугузган адам биринчи күндөн тарта айланага кооптуу.

Оорунун негизги белгилери: баш оору, кусуу, дене табынын 39-40 градуска чейин көтөрүлүшү жана денене бүтүрлөрдүн майда болушу.

Инфекцияга 5жашка чейинки балдар жана 15-25 курактагылар көп чалдыгат.