«Түндүк» тиркемесин 200 миң киши колдонууда

17:17, 06 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Электрондук база «Түндүк» тиркемесин 200 миң киши колдонууда. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директору Рахат Жусупмамбетова билдирди.

Анын айтымында, тиркемеде 147 мамлекеттик кызматты тапса болот.

«Биз санариптик документтерди киргизгенден кийин колдонуучулар көбөйдү. Келечекте жарандарды айып пул, паспортунун мөөнөтү аяктап жаткандыгы тууралуу кабар берүүнү иштеп чыгабыз», — дейт ал.