«Дом 2», шоу. Депутат Марлен Маматалиев менен Шайлообек Атазов айтыша кетти

13:39, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

«Коомдо Жогорку Кеңешти «Дом 2» берүүсү менен салыштырууда», — деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев.

Ал кесиптештерине чогулуп, ички маселелерди чечип алууну сунуштады.

«Күнүгө шоу, күнүгө чыр. Башка нукка түшүп алдык. Айтып эле калышты «шоу башталды», же «Дом-2» деп. Кечинде топтолуп, каякка бара жатканыбызды талкуулап алалы. Андан сырткары, аппарат кызматкерлеринин сыйлыгы, чет өлкөгө иш сапарлар боюнча ички маселелер дагы бар», — деди Марлен Маматалиев

Шайлообек Атазов Марлен Маматалиевдин билдирүүсүн сынга алды.

«Алар Акылбек Жапаровго кирип, көрүнгөн жерге кадрларын коюп, ылалажып олтурат. Табакташ. Буларга шоу болсо, депутатты кабинетинен алып кетип жатышат. Биз не Батукаевпи? Же Кадыржан Баатыровпу? Адвокат болбогула. Мүмкүн силердин дагы ишиңер бардыр козголуп калган», — деди ал.

«Бокстун дагы таасири болот окшойт. Мен депутаттарга адвокат болуп жатам. Ошо Конституция, регламент бузулганды айтып жатам», — деп жооп берди Марлен Маматалиев.