Парламентте мандатын тапшырып, таркап кетүү сунушталды

12:12, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин ынтымагы жоктугун белгилеп өттү.

«Андан көрө таркап эле кетели», — деп сунуштады ал.

Депутат Айбек Осмонов Башкы прокуратура депутат Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаевди суракка чакырганын айтып, төрага Нурланбек Шакиевдин оюн билдирип коюсуз өтүнгөн.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште депутаттар прокурата тармагындагы коррупцияны айтып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүшкөн.