Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарды өзбек тарап да бекитти

10:10, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдирди.

Өзбек тараптын маалыматына караганда, "Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү" келишим 13 беренеден турат. Ал жалпы узундугу 302,29 чакырымдык, анын ичинде 35 участок камтылган чек ара тилкесин аныктайт. Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагындагы 4957 гектар жер жана плотинаны тейлөө-коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар өтөт, Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер өтөт.