Прокурорлор «монстрга» айланды. Башкы прокурордун ишмердигин текшерүү сунушталды

11:16, 30 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Прокуратура органдарында коррупция күчөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламенттин отурумунда билдирди.

«Эл арасында прокуратура боюнча жакшы сөз жок. Прокуратуранын кызматкерлери бир беренеден бир беренеге өзгөртүп коюу үчүн 10 миң доллар сурап жатат, — дейт шайлоочулар. Прокуратурага тергөө киргенден кийин «монстрга» айланып кетишти. Ошондуктан, башкы прокурорду чакыралы. Керек болсо, ал кишинин дагы ишмердигин караш керек», — деди депутат Жеңишбек Токторбаев