08:58
USD 86.69
EUR 94.00
RUB 1.03

Ж.Акаев: Э.Жамгырчиевдин унаасынан, үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин отурумунда 26-ноябрь түнү чек арада кармалган эки депутат боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, күч органдары Эмил Жамгырчиевди конституцияны, мыйзамды бузуу менен кармап, анын чет өлкөгө чыгуу укугу бузулду.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын күч органдары кармап, ал жакка баспа, бул жакка баспа дегени туура эмес. Биз муну Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергени менен түздөн-түз байланыштырабыз. Эмил Жамгырчиевге 2018-жылы кылмыш иш козголуп, райондук, шаардык, жогорку соттон актоо чечими чыккан. Ошого карабастан, азыркы күндө ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатат», — деди Жанар Акаев.

Ошондой эле, эл өкүлү Эмил Жамгырчиевди аңдуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Кечээ күнү Эмил Жамгырчиевдин унаасынан, үйүнөн үн, видео жаздыруучу аппараттар табылган. Депутат берген добушу үчүн жооп бербейт. Конституцияда дагы, регламентте дагы так жазылган. Ошондуктан, күч органдары толук маалымат бериши керек», — деди «Альянс» фракциясынын жетекчиси.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берди.

«Бул маселе боюнча ошол эле күнү төрага катары тиешелүү күч органдарынан дароо түшүндүрмө сурагам. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, кылмыш иштери бар, ошонун негизинде сурадык, дешти. Эч кандай кармоо болгон жок, мыйзамды сактайбыз деп айтышкан. Анын баары көзөмөлдө», — деди парламенттин спикери.

Эскерте кетсек, 2020-жылы октябрда Эмил Жамгырчиев экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын жетекчисинин орун басары болуп турганда ири суммадагы пара алган деп айыпталып, камакка алынган. Кийин ал 20 миллион сом төгүп берип, үй камагына чыгарылганы кабарланган. Соттук териштирүүдө айыптоочу Жамгырчиевди 15 жылга эркинен ажыратууну сурап, бирок сот актоо чечимин чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар