Аталган 302,29 км аралыктагы тилкелерди камтыган келишимге жана макулдашууга быйыл 3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол коюшкан.
Аларды ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.
Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Өзбек парламенти — Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Андижан суу сактагычы деп атайт.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар — мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист «жапырт башаламандык уюштурууга даярданган» деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.