08:51, 30 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Өткөн ишембиден бери дайыны чыкпай жаткан Чыңгыз Айдарбеков түндө фейсбуктагы баракчасына кыскача билдирүү калтырды. Анда ал жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келерин жазган.
«Бир нече күн байланышта болбогонумдун себебин сиздерге жеткирип коюуну чечтим. Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүдөн өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ортодо Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болоор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып келем», — деп жазды Айдарбеков.
Эскерте кетсек, 27-ноябрга караган түнү Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев Казакстанга баратканда чек арадан өтө албай, УКМК кызматкерлери кармап кеткени кабарланган. Көп өтпөй депутат Эмил Жамгырчиев бошотулган. Ал эми, Айдарбеков менен эч ким байланыша албай, ал атайын кызматтын имаратында болушу мүмкүн деген сөздөр айтылган. Бирок, дүйшөмбү күнү УКМК Чыңгыз Айдарбековду кармабаганын, ал чек арадан Казакстанга өткөнүн билдирген. Андан кийин, Айдарбеков мүчөлүк кылган парламенттеги «Альянс» фракциясынын жетекчиси Жанар Акаев депутат Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу азырынча жыйындарга катыша албайт деп жазган.