Дөө Чыңгыздын өлүмү. Кимдер жоопкерчиликке тартылууда?

17:02, 29 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Криминалдык төбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов 24.kg ге билдирди.

Анын айтымында, жазаларды аткаруу кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан Бишкектин № 1 тергөө абагында отурган беш кишиге адам өлтүрүү боюнча айып тагылган.

«Тергөө маалында бул кылмышка Д.Ш., С.С., Э.К., М.З. жана С.Б. аттуу адамдардын тиешеси бар экени аныкталган. Алар ич ара келишпестиктен улам алдын ала сүйлөшүп алып кылмышка барышкан. 5 кишиге тең «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айып тагылды. Мындан тышкары, кылмышты жашырганы үчүн дагы эки соттолуучу жоопкерчиликке тартылууда. Кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү», — деди Сирожиддин Камолидинов.

Ал учурда жазаларды аткаруу мекемесинин кызматкерлерине карата дагы тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

«Тергөө амалдарын адистештирилген прокуратура жүргүзүүдө. Кылмыш иши «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» жана «шалаакылык» беренелери боюнча козголгон», —дейт башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынын башчысы.

24.kgнин тартип сактоо органдарындагы өздүк булактарынан, айыпталуучулардын ичинде Санжар Сапарбеков дагы бар экени белгилүү болду.

Ал президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөн деп айыпталып, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, криминалдык төбөл Чыңгыз Жумагулов 30-июлда өлтүрүлгөн. Аны тергөө абагында камерада чогуу отурган киши мууздап, денесине бир нече жолу бычак сайганы кабарланган.