Айдоочу, абайла! Бишкек — Ош жолунда чектөө алына элек

13:04, 29 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Аба ырайынын өзгөргөнүнө байланыштуу, түндө саат 23:30да Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Азыркыга чейин алына элек. Бул тууралуу транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Төө-Ашууда жолчулар трассаны кардан тазалап, тайгакка каршы каражаттарды сээп жатышат. Ушундай эле жумуштар Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларында жүргүзүлүүдө.

«Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоого жана жолдон өтүүдө кыйынчылыктарга туш болбоо үчүн кар чынжырларын тагынууну сунуштайбыз», — деп айтылат транспорт министрлигинин маалыматында.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт.