Журналисттин сабалышы. Экинчи шектүү кармалды

12:04, 29 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Super TVнын журналисти Бектурсун Жоробековдун сабалышы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

 26-октябрь түнү белгисиз бирөөлөр журналистти сабап, анын телефонун жана 3500 сом салынган капчыгын тартып алып, из жашырышкан. Бул боюнча Бектурсун Жоробеков милицияга арыз менен кайрылган.   

Карактоо беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 Буга чейин кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалган. Ал соттун чечими менен камакка алынган.

Фото

Бүгүн дагы бир шектүү колго түшкөнү кабарланды. Ал дагы соттун чечими менен 18-декабрга чейин тергөө абагына киргизилди.