10:26, 29 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2015-жылы Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүгүнө тыюу салган мыйзам-долбоорунун демилгечиси катары белгилүү.
Жетигенов былтыр бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып УКМКнын тергөө абагына камалган. Бирок, алтынчы чакырылыштагы парламент тарар алдында, башкы прокуратуранын депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча өтүнүчүн четке кагып, эл өкүлү абактан бошотулган.