15:29, 28 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу парламенттеги «Альянс» фракциясынын жетекчиси Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жана фракция лидери Жанар Акаевдин атына расмий кат жөнөткөн.
«Чыңгыз Азаматович өтө жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз», — деп жазды Жанар Акаев.
Эки күндөн бери Чыңгыз Айдарбековдун дайыны чыкпай жаткан. Ал жекшембиге караган түнү депутат Эмил Жамгырчиев менен Казакстанга баратканда, чек арадан өтө албай калганы кабарланган. Эмил Жамгырчиевди УКМК кармап кетип, кийин кайра кое берген. Ал эми, бир катар депутаттар Чыңгыз Айдарбековдон эч кандай кабар жок болуп жатканын айтышкан. Бүгүн эртең менен УКМК Чыңгыз Айдарбеков кармалбаганын, чек арадан Казакстанга өткөнүн билдирген.