11:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Абактан кат. Кеңешбек Дүйшөбаев президентке кылмыш ишин козгоону талап кылды

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды. Бул тууралуу 24.kgге анын адвокаты Акын Авазбеков кабарлады.

Анын айтымында, Дүйшөбаевдин арызы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин атына жолдонду.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айрым тилкелер боюнча келишимге ылайык, Кыргызстандын территориясындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагы, дамбанын жарымы, эки ГЭС Өзбекстанга таандык болуп калат. Чек аранын сызыгы Өзгөндүн түбүнөн, Бишкек — Ош стратегиялык жолунун жанынан өтүп калат. Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү — алардын демилгеси экенин бир нече жолу билдиришкен», — деп айтылат кайрылууда.

«Суу кодексинде Кыргызстандын суу ресурстары мамлекеттин гана менчиги жана андан ажыратылбайт деп жазылган. Конституцияда КР аймагынын чек арасы кол тийбес деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Баш мыйзамда жер, кен байлыктары, аба мейкиндиги жана башка жаратылыш ресурстары — мамлекеттин гана менчиги деп жазылган. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын белгилери бар», — деп жазган Кеңешбек Дүйшөбаев.

Ал «Мамлекетке чыккынчылык кылган», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «Бийлигинен аша чаап пайдаланган» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган.

«Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган учурда, конституцияга ылайык Садыр Жапаровду президенттик кызматтан кетирүү боюнча процедураларды баштоо керек», — дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

Мындан тышкары, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы чыккан активисттерге жана саясатчыларга кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар