УКМК: Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок

11:52, 28 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган жок. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан 24.kg ге кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков чек арадан өтүп, Казакстанга кеткен.

Жекшембиге караган түнү Жогорку Кеңештин эки депутаты Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев Казакстанга сапар алып, бирок чек арадан өтүүдө көйгөй жаралганы кабарланган.

УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, көп өтпөй аны кое берген. Ал эми, Чыңгыз Айдарбековдун эки күндөн бери дайыны чыкпай жаткан.

Бүгүн айрым депутаттар дагы Айдарбеков кармалбаганын, чет өлкөдө жүргөнүн кабарлашты.

Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков экөө тең Кемпир-Абад боюнча маселеде каршы добуш беришкен.