РФ Мамлекеттик думасынын дагы бир депутаты Кыргызстандын ички ишине кийлигишти

10:45, 27 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын дагы бир депутаты Кыргызстандын ички ишине кийлигишкен билдирүүсүн таратты. Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Новиков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргыз тилине которуш керек деген сунушун сынга алган.

«Мен Россиянын жетекчилигин ордунда болсом, мындай өңүттөгү сунуштарга канааттанбаган позицияны билдирмекмин. Биринчи караганда майда иш көрүнгөнү менен ушундай демилгелер олуттуу терс процесстердин башталышына алып келет. Ошондуктан, башында эле дароо токтотуу керек» — деген Дмитрий Новиков.

Буга чейин Мамлекеттик думанын дагы бир депутаты Светлана Журова Бишкектеги райондордун аталышын өзгөртүү демилгесин көтөрүү менен Кыргызстан Украинанын жолуна түшүп жатат деп билдирген.

Ага Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева жооп кайтарган. Эл өкүлү антиорусиялык маанайды калыптандырып, эки элдин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырган.

«Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет. Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловск шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү» — деп айтылат депутат Камила Талиеванын билдирүүсүндө.