Жогорку Кеңеште өрт чыкты. Кызматкерлер эвакуацияланды

17:42, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште өрт чыкты. Түтүндөн улам имараттан кызматкерлерди жана келген адамдарды эвакуациялашкан. Бул тууралуу маалыматты 24.kg Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыктады.

«Бул стратегиялык объект болгондуктан, өрт чыккан жерге алты өрт өчүрүүчү тобу жөнөтүлдү. Өрт тутанган жок. Тутануу ыкчам өчүрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Интернетте окуя болгон жерден тартылган видео тарады.

Кырдаалдын чоо-жыйын, себептерин адистер иликтеп жатышат. Жабыркап, жараат алгандар жок.