14:26, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
«Тогуз-Торо районунда алтын казуу менен алектенген тоо-кен ишканасы уруксаттардын жана тиешелүү экологиялык паспорттун жоктугуна карабастан, экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген ставка боюнча төлөп жүргөн. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»
Текшерүү маалында, аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды, деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.