Президент Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө багыттоого чакырды

11:58, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Өлкөнү ичинен кемирип жеген, бардык тармактарга тамырын кенен жайган коррупциядан толук арыла албай жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, коррупция деген эки баштуу ажыдаардын бир башын кессек, кайра экинчиси чыгууда.

«Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз. Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек. Бүгүн ушул багытта сиздердин ой-сунуштарыңыздарды уккум келет», — деди президент