11:56, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Административдик-аймактык реформа Ысык-Көл облусунда башталганы турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элдик курултайда кабарлады.
Анын айтымында, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү убактысы келди. Алгач эксперимент-пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык.
«Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы ар тараптан изилденип чыккандан кийин натыйжасы эске алынып, келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа бүткүл республика боюнча ишке ашырылат», — деди президент.