Элдик курултай башталды. Кимдер катышууда?

10:21, 25 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда элдик курултайдын иши башталды. Алгач курултайдын тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлүп, андан сон мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, курултайга өлкөнүн аймактарынан 1072 делегат келди. Алардын 150ү аялдар. Иш-чарага 12 улуттун өкүлдөрү катышууда.

Улуттук форумга 18 ден 80 жашка чейинки курактагы жарандар делегат болуп шайланышкан.

18-30 жаштагылардан 23 делегат;

30-40-жаштагылардан 141 делегат;

40-50 жаштагылардан 197 делегат;

60-70 жаштагылардан 330 делегат;

70-80 жаштагылардан 97 делегат, ал эми 80 жаштан жогору 14 аксакал катышууда.

Алардын ичинен 708 жогорку билимдүүлөр. 12 делегаттын илимий даражалары бар.

Учурда курултайда аксакалдар кеңешинин курамы шайланууда.