«Сөз эркиндиги капастан чыксын!» Эртең Бишкекте жөө жүрүш өтөт
20:11, 24 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
25-ноябрь күнү саат 16:30 да темир жол бекетинин жанында жөө жүрүш башталат. Тынч жүрүшкө келгендер жарык берүүчү аппарат (смартфондун кол чырагы, шам же өзүнчө фонарик) алып алганы оң.
«Келгиле, элге, бийликке БИЗ ЖАРЫК АЛЫП КЕЛГЕНИБИЗДИ көрсөтөлү! Биз ӨНҮККӨН КЫРГЫЗСТАНДЫ көргүбүз келет!» — деп айтылат кайрылууда.
Фото
«Бүгүнкү күнү өлкөдөгү адилетсиздикти ачыктап, элге жеткизейин дегендердин баарынын оозун жабууга аракет кылып, сөз эркиндиги каалагандай тебеленип тепселенүүдө. Бийликтин мыйзамсыз аракеттери коркунучту, өзүбүзгө жана жакындарыбызга коопсуздуктун жоктугун гана көрсөтүп турат. Мындай көрүнүш кечке кайталана берген болбойт! Биз журналисттин мекенине кайтып келишин, саясий туткундардын бошотулушун, мыйзамдуу агымга кайтып келишин жана сөз эркиндигинин капас астынан чыгышын талап кылабыз!» — деп жазылган билдирүүдө.
Эскерте кетсек, кечээ күнү Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ал ошол замат аэропортко жеткирилип, Россияга жөнөтүлгөн.