18:18, 24 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинети 2023-жылы Кытай — Кыргызстан — Өзбекистан темир жолунун куруу иштерин баштоону пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, долбоордун техникалык — экономикалык негиздемеси келерки жылдын апрель айында бүтүшү керек.
«Курулуш күзүндө башталуусу мүмкүн болуп жатат», — министрлер кабинетинин башчысы кошумчалады.
Ал белгилегендей, Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун баштоо да пландалууда.
«Долбоорго Өзбекистан жана Казакстан кошулууну каалайт. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, 2023-жылы баштайбыз», — деди Акылбек Жапаров.