Бишкек шаарында 24-27-ноябрь күндөрү негизги жол каттамдарында жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы билдирди.
Маалымат боюнча, буга Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган курултай себеп болууда. Өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган курултай катышуучуларынын келээр мезгилинде гана каттамды убактылуу чектейт.
Каттам төмөнкү көчөлөрдө чектелет:
• Манас/Чыңгыз Айтматов проспектиси аркылуу Жибек жолунан Түштүк магистарлга чейин
• Жибек Жолу проспектиси аркылуу Фучикадан Лермонтов көчөсүнө чейин
•Абдрахманова көчөсү аркылуу Жибек Жолунан Түштүк магистралга чейин
Эске салсак, 25-ноябрда Кыргызстанда биринчи жолу Улуттук Курултай өтөт. Ага 1074 делегат катышаары күтүлүүдө. Уюштуруу комитети форумдун күн тартибин, жобонун долбоорун жана эмблемасын бекитти. Курултайда президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү пландалууда.

