25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алат. Мунун алдында бүгүн Министрлер Кабинетине караштуу Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өткөнү кабарланды.
Отурумга төрагалык кылган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, 16 күндүк кампания Кыргызстанда БУУ агенттиктеринин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун колдоосу менен «Коркпо! Токтот! Жаша!» чакырыгы алдында өтөт.
«Эгерде өлкө калкынын жарымынын потенциалы пайдаланылбай, ал эми аялдардын укугу бузулуп жатса, дүйнөдөгү бир дагы мамлекет динамикалуу өнүгө албайт. Учурда мамлекет тарабынан аялдарды коргоо боюнча комплекстүү ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча тыкыр иштер жүргүзүлүүдө. Зордук-зомбулукка каршы саясатты натыйжалуу ишке ашыруу бардык мамлекеттик органдардын ырааттуу ишинен көз каранды. Бардыгыбыз бул ишке активдүү катышышыбыз керек», — деди Эдил Байсалов.
Белгилей кетсек, 25-ноябрда — Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү, 10-декабрда Адам укуктарынын эл аралык күнү белгиленет.