15:59, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин журналист Болот Темировду түз эле «Манас» эл аралык аэропортуна алып кетишти. Ал Кыргызстандан чыгарылып, Россияга депортацияланат. Бул тууралуу маалымат агенттигине жеке булактар кабарлашты.
Журналисттин адвокатынын айтымында, Болот Темировдун кайда экени белгисиз болуп жатат.
Болот Темировдун сот залынан күч менен чыгарылып кеткени боюнча Бишкек шаардык милициясы азырынча эч кандай маалымат бере элек.
Бүгүн Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.
Соттук териштирүүдө прокурор соттук коллегиядан Темировду күнөөлүү деп таап, Кыргызстандын жараны болбогондуктан өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алууну суранган.
Болот Темировдун жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, кылмыштын курамы жок болгондуктан толугу менен актоону өтүнүшкөн.
Соттун чечими угузулган соң, Болот Темировду сот залынан күч менен алып кетишти.