Шаардыктарга дагы бир шайлоо. Бишкектин мэрин түз шайлоо сунушталды

14:27, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин 6 депутаты Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары шайлашы керек деген демилге көтөрүштү. Буга байланыштуу документ бүгүн коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер: Ж.Акаев, Н.Алимжанова, А.Исираилов, Э.Жамгырчиев, Ч.Айдарбеков, Ф.Алимжанов.

Алар «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары шайласа, инфратүзүмдү өнүктүрөм, башаламан курулуштарды токтотом, ыш, жол тыгыны маселелерин чечем деген күчтүү талапкерлер чыгат. Алар эл менен тыгыз иш алып барып, программасы менен жакындан тааныштырып, элдин колдоосуна муктаж болушат, дейт Акаев.

«Шаардык кеңешке шайлоо болгондо, калаа тургундары мэрди дагы тандашы керек», — дейт демилгечилер.

Бул документ колдоо тапса, келечекте башка шаарларга дагы киргизүү планы бар экен.

Мэрлерди түз шайлоо демилгелери буга чейин дагы бир нече жолу көтөрүлүп, бирок ишке ашкан эмес.