Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобус кийинки жумада каттай баштайт

12:30, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Мектеп автобустары кийинки аптадан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кабарлады.

Анын айтымында, бул пилоттук долбоор № 29, 28, 69, 70 жана 13-мектептин окуучулары үчүн киргизилүүдө.

«Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, башка мектептер дагы камтылат», — дейт калаа башчысы.

Эскерте кетсек, долбоорду жеке компания жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти менен биргеликте ишке ашырууда. Тариф маселеси мектеп жетекчилери, ата-энелер комитети жана окуучуларды ташый турган компания ортосунда сүйлөшүлүп, такталууда.