Баткенде жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды

11:34, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

Баткен ОИИБ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн 24.kg маалымат агенттигине билдиришкендей, кечээ кечинде саат 17:30 чамасында Ош — Раззаков жолунун Кадамжай районунун бөлүгүндө «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен жеңил унаа кагылышкан. Авариянын кесепетинен 8 киши каза болгон. Баткен облустук биргелешкен ооруканасына 1 адам оор абалда жеткирилген.

Фото

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.