Президент Арменияга учуп кетти

10:00, 23 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров баштаган делегация ЖККУнун  кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.  

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда. 

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

- Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.