Президент РФ тышкы чалгындоо кызматынын башчысын кабыл алды

22:36, 22 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Чөлкөмдөгү туруктуулук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды. Бул тууралуу Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаровдун Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алуу учурунда айтылган. Мындай маалыматты Президенттин басма сөз кызматы таратты.

Жолугушууда коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

Фото

«Эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт. Бул тажрыйба маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт» — деген Садыр Жапаров.

Өз кезегинде, Сергей Нарышкин Мамлекет башчысына Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жеткирип, Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалаган.