COVID-19. Кыргызстанда бир жумада 28 учур катталды

17:34, 21 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир жума аралыгында 14нөн 20-ноябрга чейин коронавирустун жаңы 28 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Берилген маалымат боюнча, алты бейтап ооруканага жаткырылып, 22си амбулатордук дарыланууда.

Азыркы убакта бардык аймактар жашыл зонада экендиги маалым.

Жыл башынан бери республика боюнча жалпысынан COVID-19дун 21 миң 764 учуру катталып, анын 90,8 пайызы лабораториялык жана 9,2 пайызы клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.