Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, армян тарапта жоготуу болгон жок.
Бүгүн 21-ноябрда ал жакта абал туруктуу.
Азербайжан тарап бул боюнча кандайдыр бир билдирүү жасай элек.
Акыркы күндөрү тараптар маал-маалы менен бири-бирин ок атууга айыптоодо. 17-ноябрда азербайжан тараптан атылган октон армян жоокери жаракат алган. Кийинчерээк Азербайжандын Коргоо министрлиги бул маалыматты караманча четке каккан.