Маалыматка караганда, сапардын алкагында Мирзиёев жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып, француз парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары менен жолугуп, өлкөнүн алдыңкы компаниялары менен банктарынын жетекчилери катышкан ишкерлик иш-чараларда жолугушууларды өткөрөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ондон ашык эки тараптуу маанилүү документтер, ошондой эле инвестициялык келишимдер менен соода макулдашууларынын топтому кабыл алынат деп күтүлүүдө.