Валюта алмаштыруудагы мыйзам бузуулар үчүн 1,9 миллион сом айып пул салынды

15:31, 17 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк жыл башынан бери валюта алмаштыруу эрежелерин жана мыйзамдарды бузгандарга 1миллион 947,5 миң сом айып салган. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 120 акча алмаштыруу жайларына текшерүү жүргүзүлгөн. Мындан тышкары лицензиясы жок жумушун алып барган жарандар аныкталган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулардын жана Улуттук банктын талаптары аткарылбагандыктан 30 буйрук жөнөтүлүп, 34 акча алмаштыруу жайларынын лицензиясы токтотулуп, бир бюронун лицензиясы жокко чыгарылган.

23 акча алмаштыруу жайларына 55 миң сомдон жалпы суммасы 1миллион 265 миң сом болгон айып салынды. Андан сырт 39 жарандын ар бирине 17,5 миң өлчөмүндө айып салынып, жалпы суммасы 682,5 миң сомду түзгөн.