Ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

10:12, 11 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Ырчы Бекжан Темирхан Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза болду.

Ырчы Кызсайкал Кабылованын айтымында, Бекжан Темирхан кечээ күнү Ысык-Көлгө тойго бара жаткан.

Жол кайгуул кызматынын маалыматында, жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда түнкү саат 22.30да катталды. Ырчынын унаасы зоодон, 100 метрлик ылдый кулап түшкөн.

Бекжан Темирхан кырсык болгон жерде каза болуп, айдоочусу ооруканага жеткирилди.