Бишкекте эки мектеп онлайн окууга өткөрүлдү

13:10, 10 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы эки мектепти онлайн окууга өткөрдү.

Маалыматка караганда, № 65 мектептин жылуулук системасында авария болуп, онлайн окууга которулду. Ал эми № 50 мектепте ремонт иштери аяктабай,  окуу онлайн улантылат.

№ 39-мектеп дагы жылуулук толук берилбей, балдар баары бир блокто гана окууда.