УКМК: Билим берүү министрлигинин аткаминерлери камалды

11:02, 10 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин кыйгап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өкмөт аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россия жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет.

Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргызстан жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизишип турган.

Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин жогорку, орто жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги А.Г.М. жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалым, УКМКнын камоо жайына бекитилди.