11:57, 04 ноября 2022, Бишкек - 24.kg
MIR24 сайтынын журналисти Санрабия Сатыбалдиева кармалды.
ИИМдин маалыматында, журналист опузалап акча талап кылууга айыпталууда.
Санрабия Сатыбалдиева 2016-2017-жылкы аудио записты жарыялоо менен коркутуп, акча талап кылган. Ал 3-ноябрь күнү 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.
Журналист менен бирге оператор Калыс Аширбаев жана «Жорго-Таксисинин» айдоочусу дагы кармалды.
Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, Санрабия Сатыбалдиеванын 4 айлык боюнча бар.