Кыргызстанда аялдардын 44 пайызында ашыкча салмак бар

13:32, 03 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 15-49 курактагы аялдардын 44 пайызында ашыкча салмак бар. Бул тууралуу «Аял жана балдардын тамактануусунун абалы» боюнча иликтөөнүн жыйынтыгында маалымдалат.

Нарын жана Ош облустарынданы 1,5-5 жаштагы балдардын арасында семирүү кеңири жайылууда. Улуттук көрсөткүч 7,3 пайызды түзөт.

Андан тышкары, Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын 49 пайызы аз кандуулук менен ооруйт.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы 5 жашка чейинки балдардын 30 пайызында аз кандуулук кездешери айтылат.