Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

14:41, 01 ноября 2022, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды.

Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи Президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.

Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, Мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды