Таласка турмушка чыккан дарыгер айымдарга 50 миң сомдон сыйлык ыйгарылды

12:47, 28 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун Манас районунун медициналык мекемеси жаңы адистерге толукталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо боюнча координатор Айжамал Шамбетова билдирди.
 
Анын айтымында, невропатолог, кардиолог жана эндокринолог жумушка орношту.
 
«Алар баары Манас районуна турмушка чыгып, облус жетекчиси убадалаган 50 миң сомду алышты», — дейт ал.
 
Белгилей кетсек, Талас облустук администрациясы дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу үчүн демилге көтөрүп, башка аймактан келген медик келиндерге сыйлык ыйгара баштаган.