Жаңылык чыкпайт. Медиага кысым күчөдү

08:55, 28 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине болуп жаткан жапырт жана буга чейин болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканынан улам 28-октябрда #күччындыкта #силавправде хештег менен ЖМКга басым жасоого каршы багытталган масштабдуу маалымат кампаниясы өтөт.

Бүгүн Blackout Day жарыяланат — демек, ушул күнү саат 9.00дөн 12.00гө чейн журналисттер мамлекеттик органдардан келген расмий маалыматтарды жарыялабайт.

Акция «Азаттык» сайтын бөгөттөө тууралуу легитимсиз чечимге байланыштуу жарыяланууда.