«Көп жаңы контент пайда болуп жатат. Себеби Казакстанда аудитория чыгармачыл, жарандар өзүн таанытуу үчүн платформаны пайдаланып жатышат. Платформа катары биз коомдоштугубузга жакын болгубуз келет. Ошондуктан ушул күздө Казакстанда өкүлчүлүгүбүздү ачабыз», — деген Панина.
Анын айтымында, TikTok’тун кеңселери Астана жана Алматы шаарларында жайгашат.
3-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев балдар укугун коргоо жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, бийлик мессенжерлер менен соцтармак ээлеринен балдарга карата кибербуллинг деп таанылган контентти алып таштоону талап кыла алат.
Мыйзам долбоорунун баштапкы версиясында чет элдик социалдык түйүндөр өз филиалдарын Казакстанда ачышы керектиги белгиленген. Кийинчерээк муну республикада өзүнүн мыйзамдуу өкүлүн дайындоо талабы менен алмаштырышкан.
Мыйзамга каршы чыккандар, анын ичинде санариптик укук коргоочулар бийлик кибербуллингге каршы күрөшүү шылтоосу менен өзүнө ылайыксыз болгон контентти бөгөттөшү ыктымал экенин айтышкан.