Кыргызстандан көмүрдү темир жол менен гана экспорттоого болот

12:26, 26 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташууга тыюу салынды. Тиешелүү чечимге кабминдин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка караганда, көмүрдү темир жол менен гана алып чыгууга болот.

Аталган чектөөнүн кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Иркештам автожолу» жана «Торугарт автожолу» өткөрүү пункттарына тиешеси жок.

Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.