Айрым депутаттар орусиялыктарга «качкын» макамын берүүгө каршы

17:36, 25 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 25-октябрдагы жыйынында «Жарандык актылар тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жатканда Орусиядагы мобилизациядан качып, Кыргызстанга келген орусиялык жарандарга «качкын» макамын берүүгө каршы экенин билдиришти. Алардын пикиринде, бул кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилесине доо кетирет.

Депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоорунун чийки экенин сындады:

«Мындай мыйзам жакын союздашыбыз менен мамилеге жик салат. Эгер эртең Орусия өзүнүн жарандарын сураса эмне дейсиңер? «Качкын» макамын берип койгонбуз дейсиңерби? Долбоорду жакшылап иштеп, анан алып келгиле», — деди депутат авторлорго.

Депутат Исхак Масалиев да кесиптешин колдоду. Ал Орусия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү багыттарда макулдашуулар бар экенин белгиледи:

«Бизге мындай мыйзамдын кереги жок. Орусиядан келгендер качкындар эмес, алар биздин боордош өлкөнүн жарандары», — деди.